ЖЕТИМ ТООЛОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИМ ТООЛОР , а р а л ч а т о о л о р – кенен өрөөндүү (түздүктүү) аймакта жалгыздап же топ­топ болуп жайгашып, негизги тоодон обочоло­нуп турган тоолор м-н дөңсөөлөр. Алардын би­йиктиги 100 мден 1000–2000 мге чейин. Негизинен ариддүү климат өкүм сүргөн тоолуу аймактын денудацияга дуушарланышынан же болбосо жергиликтүү тоо пайда болуу процессинен жаралат. Кыргызстанда жетим тоолор кеңири тараган. Ага байланыш­туу пайда болгон топонимдер да бар (мисалы, Же­тим-Тоо, Жетим-Бел, Орток-Тоо).