ЖЕТИ-СУУ
ЖЕТИ-СУУ – Казакстандын түштүк-чыгыш бөлүгү, түндүгүнөн Балкаш көлү, түндүк-чыгышынан Сасык-Көл ж-а Ала-Көл, түштүк-чыгышынан Жуңгар Ала-Тоосу, түштүгүнөн Түндүк Теңир-Тоо м-н чектешкен тарыхый-географиялык аймак. Тарыхый нускалар ж-а илимий изилдөөлөр боюнча Жети-Суунун аталышы жети өзөнгө байланышкан. Айрым илимпоздор Лепси, Баскан, Саркант, Ак- Суу, Бойон, Кара-Тал ж-а Кел-Суу дарыяларын атаса, кээ бирлери Баскан, Саркант дарыяларынын ордуна Аягөз м-н Илени атаган. В. В. Бартольд Иле д-нын түндүк-чыгышындагы Көк-Суу, Кара-Тал, Кызыл- Агач, Бөйөн, Ак-Суу, Баскан, Лепси сууларын эсептесе, А. К. Гейнс Кызыл-Агачтын ордуна Саркант суусун киргизген. 1867-жылы Түркстан генерал-губернаторлугунун алдында Жети-Суу (Семиречье) облусу түзүлүп, ага Ысык-Көл (кийин Каракол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери карап, чек арасы Кургаты ж-а Чүй суусунун оң жак жээги м-н өткөндүктөн, бул облуска кирген аймактар жалпысынан Жети-Суу деген түшүнүк алган. Улуу Жибек жолунда жайгашкандыктан, байыртадан өнүккөн маданиятка ээ болуп, Жети-Сууда б. з. ч. 7–4-кылымдарда сак урууларына (кытайча сэ) караган тайпалар жашап келишкен. Б. з. ч. 2-кылымда аларды юечжилер сүрүп чыгып, Кушан державасын түзүшкөн. Б. з. ч. 1-кылымдан б. з. 4-кылымынын башына чейин усундар; 4–6-кылымдарда жужаңдар мекендешкен. 6-кылымда Түрк кагандыгы (581-жылы Батыш ж-а Чыгыш Түрк кагандыктары болуп бөлүнгөн) ж-а 8-кылымдын башында Түргөш кагандыгынын, 766-жылы карлуктардын Суябды басып алышы м-н алардын ээлигинде калат (к. Карлук кагандыгы). 9–10-кылымдарда жикилдер ж-а кыргыздар (хырхыс) Жети-Сууда жашаганы перс тилиндеги эмгектерде эскерилген (к. «Худуд-ал-алам»). 10–11-кылымдарда Караханиддер мамлекетинин курамына кирип, 1129–30-жылдарда кидандар каратып алган. 1218-жылы Жети-Сууну Чыңгызхан басып алып, көп өтпөй Чагатай улусунун, 14-кылымда Хайду негиздеген мамлекеттин, 15-кылымда Моголстандын курамына кирген. Султан Сайид (1514–33) ж-а Абд ар-Рашид (1533–65) хандардын тушунда кыргыздар м-н казактар биргелешип моголдорду Жети-Суудан сүрүп чыгышкан. 16-кылымдын 60–70-жылдарында анын толук эмес бөлүгү жаңы түптөлүп жаткан Казак хандыгынын курамына кирген. 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын 50-жылдарына чейин Жуңгар хандыгынын (1635–1758) кол алдында калган. Жуңгар хандыгы талкалангандан кийин Олуя-Атадан Илеге чейин солто, чекир саяк, сарыбагыш уруулары көчүп келген (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши). 19-кылымдын башында Иленин оң жээгине чейинки аймак Кокон хандыгынын ээлигине өтүп, чептерди курдурткан. 1860-жылдардагы Узун-Агач согушунда кокондуктардын жеңилиши м-н Жети-Суу акырындап Россия мамлекетинин колониясына айланган. 1924–25-жылдарда Орто Азиядагы советтик республикаларда жүргүзүлгөн улуттук-мамлекеттик чек араларды бөлүштүрүүдөн кийин Жети-Суу Кыргызстан м-н Казакстандын курамында калган.
Ад: Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья / Соч., т. II (1). М., 1963; Румянцев П. П. Уезды Джетысу. А., 2000; Мырза Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.
Э. Турганбаев.