ЖЕТИ-СУУ АЛА-ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-СУУ АЛА-ТООСУ , Ж у ң г а р А л а - Т о о с у – О. Азиядагы тоо тармагы. Ала-Көл м-н Иле д-нын аралыгында. Негизинен Казак­стандын түш.-чыгышында, бир аз бөлүгү Кы­тайда. Түш.-батыштан түн.-чыгышка карай 450 кмге созулат. Бири-бирине жарыш жаткан бир нече кырка тоодон (Кара-Тоо, Баскан-Тоо, Токсонбай, Бээжин-Тоо ж. б.) турат. Эң бийик жери 4464 м (Беш-Баскан чокусу). Геострукту­расы герцин бүктөмүндө пайда болгон. Рельефи негизинен кайнозойдо калыптанып, кырка тоолор м-н тоо аралык ойдуңдар айкалышып жатат. Жапыз, орто бийик калдык тоо массив­дери басымдуулук кылып, баскычтуу рельефти пайда кылат. Негизинен сланец, акиташ теги, кумдук (түндүгү), жанартоо тектеринен (түштү­гү) ж-а кристаллдуу тектерден (борб. бөлүгү) ту­рат. Полиметалл кени (Текели); минералдуу ысык булактары (Капал-Арасан ж. б.) бар. Мөң­гүлөрдүн жалпы аянты 1120 км2; ирилери түн. капталдарында. Анын төмөнкү бөлүгүнө жа­рым чөл ж-а талаа, 1200 м бийиктиктен жого­ру (түн. капталында) шалбаалуу токой, 2600 мден жогору субальп ж-а альп шалбаасы мү­нөздүү.