ЖЕТИ-СУУ КАПКАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕТИ-СУУ КАПКАСЫ , Ж у ң г а р ө т к ө ө л ү – Жети-Суу (Жунгар Ала-Тоосу (батышында) м-н Барлык ж-а Майлы-Тоо кырка тоолорунун (чыгышында) аралыгындагы өткөөл. Россиянын Кытай м-н чек арасына жакын. Балкаш – Ала-Көл өрөөнүн Жети-Суу (Жуңгар) түздүгү м-н туташтырат. Узундугу 50 кмдей, эң кууш жери 10 км, бийиктиги 300–400 м. Жарым чөл ландшафты үстөмдүк кылат. Илгертен көчмөндөр кеңири пайдаланып келген. Жети-Суу капкасы аркылуу Актогай – Дружба темир жолу өтөт.