ЖЕТИ-СУУ ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-СУУ ОБЛУСУ (1867–1922-жылдарда Семиречье, 1922–24-жылдарда Жети-Суу облусу) – 1867-жылы августта Түркстан генерал-губернаторлугунун курамын­дагы административдик аймак (к. Жети-Суу). Жети-Суу облусунун ку­рамына Сергиеополь (1875-жылдан Лепси), Ка­пал, Верный, Жаркен, Ысык-Көл (кийин Кара­кол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери кирген. 1882-жылы Акмоло, Семей облустары м-н бирге жаңы уюшулган Талаа генерал-губернаторлугунун курамына, 1897-жылы кайрадан Түркстан генерал­-губернаторлугуна өткөн. 1922-ж. Жети-Суу облусу болуп которулган.