ЖЕТИ-СУУ ТҮЗДҮГҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-СУУ ТҮЗДҮГҮ , Ж у ң г а р и я – Алтай м-н Чыгыш Теңир-Тоонун аралыгында жайгаш­кан ойдуң. Кытайдын түндүк-батышында. Түн­дүгүнөн Моңгол Алтайы м-н чектешет. Аянты 700 миң км2дей, басымдуу бийиктиги 600–800 м. Таманын борпоң тектердин калың катмары жаап жатат. Кум массивдүү шор баскан жерле­ри бар чөл ээлейт. Айрым токол тоолор, майда дөбөлөр, тоо этектеринде таштак шилендилер кездешет. Климаты мелүүн континенттик, жайы ысык, кургакчыл, кышы кургак суук, абанын температурасы сутка ичинде кескин өзгөрүп турат. Январдын орточо температурасы –20°С …–25°С, июлду­ку 20–25°С. Жылдык жаан-чачыны 150–200 мм, тоолордо 800 ммге чейин. Дарыялары сейрек, ирилери: Манас, Урунгу, түндүгүндө Иртыштын башаты; көптөгөн кургак нуктар нөшөрлөгөн жамгырдан кийин гана сууга толот. Ири көл­дөрү: Эби-Нур, Манас, Улюнтур ж. б. Сейрек өскөн ксерофит өсүмдүктөрү (сөксөөл, шыбак, баялыш, тамариск) басымдуу. Малга жайыт, тоо этектеринде оазистер кездешет. Нефтинин ири кени (Карамай ж. б.) бар.