ЖЕТИ-ӨГҮЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ӨГҮЗ – Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз р-нундагы кыштак. Жети-Өгүз айыл округу­нун борбору. Жети-Өгүз суусунун боюнда, деңиз деңг. 1760 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Кызыл-Суу кыш-нан 24 км чыгыш тарап­та. Балыкчы т. ж. бекетинен 211 км. Калкы 3366 (2007); негизинен мал чарбасында эмгек­тенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, амбу­латория, дарыкана, клуб, китепкана, соода түйүнү бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак­ка жакын Жети-Өгүз курорту жайгашкан.