ЖЕТИ-ӨГҮЗ КОРУКЧАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ӨГҮЗ КОРУКЧАСЫ – Ысык-Көл обл­усунун Жети-Өгүз районундагы мамлекеттик аңчылык ко­рукчасы (заказниги). Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусунун бүт алабын ээлейт. Аянты 31,61 миң га. ТКЭСтин Кызыл китебине кирген илбирс, азайып бараткан тоо эчки, элик, улар, кекилик, кыргоолдорду кор­гоп, аларды көбөйтүү максатында 1958-жылы уюшулган.