ЖЕТИ-ӨГҮЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ӨГҮЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы дарылык касие­ти бар минералдуу жылуу суу булактары. Ка­ракол шаарынан 28 км түш.-батыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусу­нун боюнда, деңиз деңгээлинен 2200–2400 м бийиктик­те. Ысык булактар жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Булактар чыккан аймакта протерозойдун мета­морфизмделген сланецтери ж-а аны жиреп чык­кан гранит интрузиясы, карбондун акиташ теги, кумдук, алевролит, юранын конгломераттары ж-а палеоген-неогендин кум-чополуу тоо текте­ри жатат. Жылуу суулар акиташ тектериндеги тектоникалык жаракалардан агып чыгат. Ошондой эле 150 м тереңдиктен бургулаганда да суу чыккан. Деби­ти 2,7 л/сек. Химиялык курамы, физикалык касиети боюнча радондуу, хлорид-натрий-кальцийлүү, чала же­гичтүү (рН 7,3–7,6) арашан сууларына кирет. Температурасы 25–42°С. Жалпы минералданышы 0,9 дан 13 г/лге чейин. Түссүз, жытсыз, даам­сыз. Курамында бром, йод, бор, марганец, жез, никель, коргошун, цинк, алюминий бар. Биологиялык активдүү компоненти радон, анын өлчөмү 18– 400 Махе бирдигине же 127,4Ч10–8 кюри/лге че­йин. Эсептелген запасы суткасына 0,4452 миң м3 (1965). Муун, нерв, гинекологиялык ж. б. ооруларга шы­баа берет. Суунун базасында Жети-Өгүз курор­ту иштейт.