ЖЕТИ-ӨГҮЗ МӨҢГҮЛӨРҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕТИ-ӨГҮЗ МӨҢГҮЛӨРҮ – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги жанаша жаткан эки мөңгү (Чыгыш ж-а Батыш Жети-Өгүз мөңгүлөрү). Жети-Өгүз өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Чыгыш мөңгүсүнүн узундугу 4,6 км, аянты 4,1 км2, батышыныкы 3,0 км ж-а 4,2 км2. Мөңгүлөр тартылууда. Мөңгүлөрдөн Жети-Өгүз суусу башталып, Ысык-Көлгө куят.