ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ
ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ Ысык-Көл ойдуңунда, Тескей Ала-Тоонун түн. капталында, Жети-Өгүз суусунун алабында жайгашкан. Жети-Өгүз р-нунун аймагында. Аянты 63,0 км2, уз. 28,5 км, туурасы 8–11 км. Басымдуу бийикт. 2000– 3500 м. Курортко чейин тепши сымал өрөөн, андан жогору V формасына өтүп, каптал өрөөн-

дөр ж-а кокту-колоттор м-н тилмеленген. Өрөөндүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жети-Өгүз кышнан жогору чыга бергенде, суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол тарабында тик капталдуу Ак-Жар тектирлери (үчөө) жатат. Рельефи жалпысынан тоолуу; терең ж-а кууш каптал өрөөндөрү көп. Капчыгай оозундагы адырлар улам жогорулаган сайын анча бийик эмес (1800–2200 м) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200–2800 м) тоолорго, тик капталдуу (30–50°) бийик (3000 мден жогору) тоолорго өтөт. Өрөөн кооз ландшафттары ж-а курорт байлыгы м-н өзгөчөлөнөт. Табияты (токойчулук чарбасынан жогору карай) өтө кооз. Суунун сол тарабынан Бөйрөк деген жерден орун алган Жети-Өгүз курортунун (2200–2400 м) аймагы, анын түн. жагындагы Кызыл-Жар аскасынын панорамасы өзүнүн табигый кооздугу м-н маалым. Ал эми чыгыш уландысы Кызыл-
Үңкүр деп аталат. Асканын түн. капталы (ортосунан жарылган) жүрөк түспөлүндө болгондуктан, аны «Жарылган жүрөк» деп аташат. Ушул аска жаракалары экзодинамикалык (атм. жаан-чачын, күндүн радиациясы, үбөлөнүү ж. б.) процесстердин таасиринен пайда болгон. Курорттон жогору өрдөй бергенде капчыгай 3–4 км аралыкка кууш тартып, андан чыга бергенде шиберлүү Көк-Жайык түздүгүнө өтөт. Ал – Ж.-Ө.
ө-нүн кенен ж-а тегиз, көрктүү жайы. Бул жерде кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлүп келген. Көк-Жайыктан жогору капчыгай кууш тартып, каптал өрөөндөр (Ат-Жайлоо, Асан-Тукум, Бай-Төр, Өөн-Төр, Кыргый-Уя, Телети, Аюу-Төр,
Чуңкур-Төр, Ашуу-Төр ж. б.) м-н тилмеленген.
Өрөөндүн ооз жагы ж-а Жети-Өгүз курортунун аймагы палеоген-неогендин кум, чопо, конгломерат, шагыл таштан, Көк-Жайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги, гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июль айынын орт. темп-расы 14,8°С, январдыкы –8,4°С. Жылдык жаан-чачыны 500–600 мм. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Анын жайылмаларында кайың, тал, терек, чычырканак, ыргай, бөрү карагат, ит мурун, жылгын ж. б. жыгач ж-а бадал өсүмдүктөрү жыш өсөт. 1800–2200 м бийиктикте талаа, 2200–2800 карагайлуу токой, 2800– 3400 мде субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Карагайлуу токой негизинен тоонун түн. капталдарынан орун алып, айрым жеринде чер токойду түзөт. Күнгөй беттеринде ж-а токой тилкесинен жогору арча өсөт. Деңиз деңг. 3400 мден жогору жагын кар, мөңгүлүү аскалар ээлейт. Өрөөндө 1958-ж. Жети-Өгүз корукчасы уюшулган. Курорттун аймагынан минералдуу булактар чыгат (к. Жети-Өгүз минералдуу суусу). Аны Жети-Өгүз курорту пайдаланат.
Ад.: Забиров Р. Д. Иссык-Куль (Физико-географический очерк). Ф., 1963; Почвы Иссык-Кульской области и пути их рационального использования. Ф., 1977; Озеро Иссык-Куль. Очерки по физической географии / Отв. ред. В. Г. Королёв. Ф., 1978; Качаганов Ш. Древние ледниковые комплексы горного обрамления Иссык-Куля // Северный Тянь-Шань в кайнозое. Ф., 1979; Щиитников А. В. Иссык-Куль // Природа, охрана и перспективы использования озера. Ф., 1979; Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Б., 1995.