ЖЕТИ-ӨГҮЗ (Жети-Өгүз районундагы суу)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ӨГҮЗ – Жети-Өгүз районундагы суу, Тес­кей Ала-Тоонун түндүк капталынан (батышында Чоң Кызыл-Суу ж-а чыгышында Ырдык м-н Каракол сууларынын аралыгында) башталып, карагайлуу кууш капчыгай, Жети-Өгүз кыштагы тушта кенен өрөөн м-н агып, Ысык-Көлгө куят (дээрлик кар-мөңгү сууларынан куралат). Узундугу 52 км, алабынын аянты 387 км2. Апрелде кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чы­гымы 5,60 м3/сек, эң көбү 57,2 м3/сек, эң азы 0,55 м3/сек. Жалпы узундугу 110 кмге жеткен 36 куймасы ж-а алабында жалпы аянты 126 км2 келген 18 майда көл бар. Сугатка пайдаланы­лат. Алабындагы радондуу суу булактары элге кеңири белгилүү (к. Жети-Өгүз минералдуу суусу). Боюнда Жети-Өгүз кыштагы ж-а курорту бар.