ЖЕТИ ЖЫЛДЫК СОГУШ
ЖЕТИ ЖЫЛДЫК СОГУШ (1756–63) – Борбордук Европада үстөмдүгүн орнотуу үчүн европа өлкөлөрүнүн (бир тарабында Австрия, Франция, Россия, Испания, Саксония, Швеция, экинчи жагында Пруссия, Улуу Британия, Португалия ж-а герман мамлекеттери (Гессен-Кассель, Брауншвейг, Шаумбург-Липпе, Саксен-Гота) ортосундагы согуш. 1756-жылы Пруссиянын Саксонияга басып кириши м-н согуш башталган. Ал Түндүк Америка ж-а Ост-Индиядагы колониялар үчүн англиялык-франциялык карама-каршылыктардын курчушунан, Австрия, Франция, Россиянын кызыкчылыктары м-н Пруссиянын агрессиячыл саясатынын кагылышынан келип чыккан. 1757-жылы Росбах м-н Лейтендин жанында Фридрих IIнин (пруссиялык) армиясынын жеңиштери россиялык-австриялык аскерлердин Кунерсдорф салгылашындагы (1759) жеңиши м-н жокко чыгарылган. 1761-жылы колонияларда ж-а деңизде айыгышкан салгылашуулар жүрүп, Пруссия кыйроого жакындап калган, бирок 1762-жылы Россиянын жаңы падышасы Пётр III аны м-н союз түзгөн. 1763-жылы Австрия, Саксония м-н болгон Губертусбург тынчтык келишими боюнча Пруссия Силезияны өзүнө караткан. Париж тынчтык келишими (1763) боюнча Канада, Чыгыш Луизиана, Индиядагы франциялык ээликтердин көп бөлүгү Улуу Британияга өткөн, ошондой эле Англия Испаниядан Флориданы тартып алган. Жети жылдык согуштун башкы жыйынтыгы – колониялык ээликтер ж-а соодадагы биринчилик үчүн күрөштө Улуу Британиянын Франциянын үстүнөн жеңишке жетиши болгон.