ЖЕФФЕРСОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕ́ФФЕРСОН Томас (13. 4. 1743, Виржиния, Шадуэлл – 4. 7. 1826, Виржиния, Монтиселло) –

америкалык коомдук ж-а мамлекеттик ишмер. «Көз карандысыз­дык декларациясынын» (1776) автору, Американын 3-президенти (1800–09). Не­гизги кесиби – адвокат. 1769–74-жылдарда Виржинияда мыйзам чыгаруу жыйыны­нын депутаты. 1775-жылы Түндүк Американын Улуу Брита­ния ээлиги болуудан баш тартуу чечимин кабыл алган 2-континенттик конгресске мүчө болуп шайланган. 1779–81-жылдарда Виржиния губернатору. 1785–89-жылдарда АКШнын Франциядагы элчиси, 1790–93-жылдарда Ж. Вашинг­тондун 1-өкмөтүндө мамлекеттик катчы, 1796-жылы вице-­президент. «Көз карандысыздык декларация­сын» 17 күндүн ичинде жазып бүтүргөн. Анда адам укугу мамлекет белгилеген мыйзамдан жогору турарын бекемдеген, Жефферсон башка мамлекеттик ишмерлер м-н бирдикте АКШнын Конститу­циясын жазууга катышып, ага «Укуктар туу­ралуу билль» дегенди киргизген. Жефферсон президент кезинде Луизиана штаты АКШга кошулган. Пре­зиденттиктен бошогондо, Жефферсон Виржинияга университет курдурган ж-а өмүрүнүн акырына чейин ал университетти башкарган.