ЖЕҢЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢЕ – 1) кыргыздын туугандык расымында өзүнөн улуу тууганынын аялын кичүүлөрү ызааттап аташы. Агасынын аялын ини-карын­даштары, келиндери жеңе деп айтышат. Жеңенин үй-бүлө ичиндеги абалы өзгөчө болгон. Үй-тири­чилигиндеги иштерди негизинен жеңе бүткөргөн. Кайын сиңди, кайнилер өздөрүнүн ички сыр­ларын алгач жеңесине билдирип, акылдашкан, ошондой эле кыз берүү каадасын толугу менен аткарган. 2) Уруктун бардык кичүүлөрү агаларынын аял­дарын жеңе деп аташат. Таякесинин аялын таа­жеңе дешет. 3) Жалпы эле өзүнөн улуу киши­нин аялына кайрылуу. А. Көчкүнов.