ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕҢИШ МАЙРАМЫ – өлкөбүздөгү жалпы эл­дик майрам. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–1945) совет элинин фашисттик Германияны жеңге­ни белгиленип, жылына 9-майда өткөрүлөт. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы (1945-жыл, 8-май) боюнча белгиленген; СССР Жогорку Советинин Указы (1965-жыл, 26-апрель) менен 9-май – Жеңиш майрамы деп жарыяланган. Бул күн ас­кердик парад өткөрүү, салют атуу, салтанаттуу чогулуштарды, ардагерлер менен жолугушууларды өткөрүү менен эстеликтерге, мемориалдарга, боор­доштук көрүстөндөргө гүл коюу менен белгиленет.