ЖЕҢИШ ПАРАДЫ
ЖЕҢИШ ПАРАДЫ – Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) СССРдин Германияны жеңгенинин урматына 1945-ж. 24-июнда Москвада өткөн аскер парады. Ага Карел, Ленинград, 1-

Прибалтика, 3-, 2-, 1-Белорус, 1-, 4-, 2-, 3-Украин фронтторунун, Коргоо эл комиссариатынын, АДФтин, аскер академияларынын, аскер окуу жайларынын ж-а Москва гарнизонунун бөлүктөрү, аба күчтөрүнүн бириктирилген эскадрильялары катышкан. Аскер бөлүктөрү м-н бирикмелеринин тууларын көтөргөн фронт ж-а армия командачылары, Сов. Союз. Баатырлары Ж. п-нан өтүшкөн. Ж. п-на К. К. Рокоссовский командалык кылган, Г. К. Жуков кабыл алган. Параддын аягында жеңилген немис-фашист аскерлеринин тууларын Мавзолейдин алдына алып келип ташташкан. 1995-ж. 9-майда Москва ш-нда юбилейлик Ж. п. өткөн. Парадга В. Л. Говоров командалык кылган, В. Г. Куликов кабыл алган. Жеңиш туусун М. П. Одинцов көтөргөн. Бул парадга Кырг-ндан да согуш ардагерлери катышкан.