ЖЕҢИШ (Жети-Өгүз районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕҢИШ , Ч ы ч к а н – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Жаргылчак айыл округуна караштуу. Чычкан суусунун ж-а Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1647 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кышнан 24 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 161 км. Калкы 4124 (2022); негизинен мал м-н алектенип, токой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Намазбеков туулган.