ЖЕҢИШ (Лейлек районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖЕҢИШ – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Ак-Суу айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 850 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору – Исфана шаарынан 35 км түндүк-батыш тарапта. Үч-Коргон (Өзбекстан) темир жол бекетинен 18 км. Кыштак 1952-жылы негизделген. Калкы 1655 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, клуб, китепкана бар. Соода борбору, ФАП, мончо иштейт.