ЖИБЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИБЕК (табигый) – жибек куртунун безинен бөлүнүп чыгуучу нукура (табигый) текстиль бу­ласы. Адегенде жибек курттун кокону ысык суу­да жумшартылып, андан соң жазылып курга­тылат. Натыйжада узундугу 0,4–1,2 кмге жеткен таза, жалтырак кош катар жибек жип алынат. Мын­дай жип оңой боёлот жана бышык болот. Бир нече түрмөктөн турган жиптер адегенде самын жана башка заттар менен ысык сууда кайнатылып, бат­ташкан заттардан тазартылат, андан соң металл цилиндринин ичке көзөнөгү аркылуу созуп өткөрүлүп, чыйратуучу машинага берилет. Эри­ши (кездеменин узунунан жайгашкан жиптери) катары колдонулуучу жибек жип трамм деп ата­лат. Аркак (кездеменин туурасынан кеткен жип­тери) түрүндө колдонулган жип органсин деп ата­лат. Ал траммга караганда азыраак күч менен каршы тарапты карай чыйратылат. Үзүлгөн жип­тер чыйратылганга жарабайт, ошондуктан алар­ды майдалап бөлүп, пахта, зыгыр жана жүн сы­яктуу ийрийт. Жибек кездеме токуу жана техникалык мак­саттар үчүн, ошондой эле электр өткөрбөөчү материал катары колдонулат.