ЖИБЕК ЖИВОПИСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИБЕК ЖИВОПИСИ – живопистин негизинен Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнүн көркөм өнөрүндө тара­ган түрү. Кытайда жибекке жебилге менен иш­телүүчү иштин негизи катары биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктан эртерээк эле каллиграфтар, ал эми болжолдуу түрдө

А. Ш уб ин а . « Үй­бүлө». 2007.

биздин заманга чейинки III кылымда ж и в о п и с ч и л е р колдоно башта­ган. Кездеме ата­йын иштетүүдөн өткөн; Сун динас­тиясынын (X–XIII кылымдар) мезгилинде кытай живописи гүлдөп өнүккөн жана жибек квас­цынын кошундусу менен иштетилген. Жибек живописинде анын ар кандай башка жанрдан айырмаланган өзгөчө фактуралык-мейкиндик көркөмдүгү бар. Учурдагы көркөм өнөрдө жибек живописи көбүнчө кол­донмо формаларда кеңири тараган, к. Гохуа.