ЖИВОГЛЯДОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИВОГЛЯ́ДОВ Валерий Петрович [1938-жылы туулган, Чүй облусу, Калинин (азыркы Жайыл) району, Ка­линин айылы] – техника илимдеринин доктору (1974), профессор (1977), Кыргыз ССР ИАнын академиги

(1984), КРдин илим ж-а техника боюнчача мамлекеттик сыйлыгынын лау­реаты (2002), КРдин илим­ге эмгек сиңирген ишмери (1993). ФПИни (1960), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1965) бүтүргөн. 1965–87-жылдарда КР ИАнын автоматика институ­тунда илимий кызматкер, ла­боратория башчысы, директордун орун басары, бөлүм башчы­сы, 1987–93-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын президиумунда башкы окумуштуу кат­чы болуп иштеген. 1993–97-жылдарда КЭУда декан, 1997–2003-жылдарда КМУда декан, 2004–06-жылдарда Кыргыз-­Түрк «Манас» университетинде кафедра башчысы. 2006- жылдан КРСУда билимдин электрондук ме­ненжменти борборунун директору. Башкаруу теориясы, системалык анализ ж-а информати­ка боюнча адис. 260дөн ашык илимий эмгектин автору, анын ичинде 9 монография, 5 ойлоп табуусу бар. Дана­кер ордени, «Даңк» ж. б. медалдар м-н сыйлан­ган. Жексон ж-а Клинтон шаарларынын (США) ардак­туу жараны.

Эмг.: Адаптация в автоматизированных системах управления технологическими процессами. Ф., 1974; Интегрированные и многоуровневые системы управ­ления производством. Ф., 1980; Введение в компью­терные информационные системы (в соавторстве). Б., 1998.