ЖИВОПИСЬ
ЖИ́ВОПИСЬ – кандайдыр бир тегиздиктин бетине боёк м-н түшүрүлүүчү көркөм сүрөт өнөрүнүн бир түрү. Иск-вонун башка түрлөрү сыяктуу эле Ж. идеол., таанып-билүүчүлүк, коомдук, тарбиялык мааниге ээ. Ж. чыгармаларында сүрөтчүнүн турмушка көз карашы, түзгөн көркөм образы өзүнүн элестүүлүгү м-н көрүүчүнүн аң-сезиминде ишеним туудурат. Көркөм образдарды түзүүдө Ж. түстү, чиймени, май боёктордун өзгөчө туюмдуулугун пайдаланат, булар, асыресе, анын тилинин ийкемдүү болушуна, сүрөт өнөрүнүн башка түрлөрү бере албаган турмуштун кооз байлыгын, буюмдардын көлөмүн, са-


паттык белгилерин толук чагылтууга мүмкүндүк берет. Ж. реалдуу дүйнөнүн (а. и. табияттын да) көзгө көрүнгөн кубулуштарын, адам турмушунун кеңири көрүнүшүн көргөзүү м-н гана чектелбей, болмуштагы процесстердин маңызын, адамдын ички дүйнөсүн ачууга ж-а түшүндүрүүгө, жалпы идеяларды туюнтууга кудуреттүү. Ж-тин

мындай зор мүмкүнчүлүктөрү андагы жанрлардын (тарыхый, жашоо-тиричилик, анималисттик ж. б.) ар түрдүүлүгүнөн байкалат. Ж. аткарган милдети, мүнөзү ж-а образдын чечилиши б-ча арх-ралык мейкиндикти уюштуруу максатында тартылган м о н у м е н т -ж ас а л г а Ж. (дубалга тартылган сүрөттөр, үйдүн шыбын кооздоо үчүн жабыштырылган сүрөттөр, панно), белгилүү бир орун м-н байланышпаган с т а н о к т у к Ж., ж а с а л г а Ж. (театр м-н кинодо), икона тартуу, миниатюра (кол жазмаларды көркөмдөө, портрет ж. б.) болуп бөлүнөт. Диорама м-н панорама да Ж-тин түрүнө кирет. Ж-тин негизги туюнтуу каражаты – түс; ал сүрөттөлүштүн эмоциялык таасирин күчөтөт. Шарттуу түрдө Ж-тик сүрөттөөлөрдүн эки тибин белгилесе болот: сызыктар м-н чектелген тике сүрөттөө ж-а тулку-караандардын кеңдикте берилиши. Бирок бул экөө өз ара көп айыр-

маланбайт. Биринчисине локалдык каражаттарды, экинчисине мейкиндиктеги көрүнүштөрдү ырааттуу сүрөттөө мүнөздүү. Ж. чыгармалары грунт м-н жабылган негизден (кендир, жыгач, кагаз, картон, таш, айнек, металл ж. б.) ж-а боёк катмарынан турат. Ж. – сүрөт өнөрүнүн байыркы түрлөрүнүн бири. Анын тарыхы айбанаттар м-н мергенчилик окуялары түшүрүлгөн байыркы эстеликтерден башталат. Ж. Кайра жаралуу доорунда бийик деңгээлге көтөрүлөт. Леонардо да Винчи, Микеланжело, Рафаэль, Тициан, Я. ван Эйк, П. Брейгель, А. Дюрер ж. б. чеберлердин чыгармалары кеңири таанылат. 17–18-к-да Ж-тин өнүгүшү Европада бир кыйла татаалданат. Францияда (Ж. Латур, Н. Пуссен ж. б.), Италияда (М. Караважо, Д. Фетти), Испанияда (Эль Греко, Ф. Гойя), Голландияда (Рембрандт), Англияда (Т. Гейнсборо, У. Хогарт), Россияда (Д. Г. Левицкий ж. б.) улуттук мектептер түзүлөт. Ар түрдүү багыттардын (барокко, классицизм, рококо ж. б.) прогрессчил ж-а реакциячыл идеялардын күрөшү, академизмди жерүү күч алат. 19-к-да эскирип бараткан классикалык стилге каршы күрөштө адегенде демокр. багыттагы романтизм (Э. Делакруа, Т. Жерико – Францияда; О. А. Кипренский, К. П. Брюллов – Россияда), кийинчерээк турмушту жымсалдабастан, өз турпатында типтүү сүрөттөөнү алдыңкы планга койгон реализм (Г. Курбе, Ж. Ф. Милле – Францияда; Ж. Констебл – Англияда, А. Менцель, В. Лейбль – Германияда; А. Г. Венецианов, П. А. Федотов – Россияда) пайда болот. Социалдык сындын курчтугу Россияда, айрыкча кыдырма сүрөтчүлөрдүн кыймылынан (В. Г. Перов, И. Н. Крамской, И. Е. Репин, В. И. Суриков, И. И. Левитан ж. б.) ачык көрүнөт. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында реализм м-н модернизмдин ортосундагы күрөш күчөйт. СССРде соц. реализм методундагы Ж. өнүгөт. Азия, Африка, Австралия, Латын Америкасы өлкөлөрүндө Ж-тин улуттук мектептери түзүлөт. 20-к-да ар кыл модернисттик агымдар (импрессионизм, экспрессионизм, кубизм, футуризм, сюрреализм, абстракционизм, кийинки мезгилде «поп-арт») пайда болду. Өз доорунун алдыңкы идеяларын колдогон даңктуу сүрөтчүлөрдүн тобу белгилүү: Францияда – П. Пикассо, А. Матисс; Мексикада – Д. Ривера, Д. Сикейрос; Италияда – Р. Гуттузо, АКШда – Ж. Беллоуз, Р. Кент ж. б. Учурда бардык Ж-тин улуттук мектептери түзүлдү. А. Дейнека, М. Греков, Б. Иогансон, И. Бродский, П. Корин, П. Кончаловский, С. Герасимов, Ю. Пименов, М. Сарьян, У. Таңсыкбаев, Т. Салахов, А. Гудайтис сыяктуу көптөгөн таланттуу сүрөтчүлөрдүн чы-

гармалары дүйнөгө таанымал. Кыргыз живописчилери С. Чуйков, Г. Айтиев, С. Акылбеков, А. Усубалиев, А. Молдакматов, К. Кожакметов, К. Керимбеков ж. б. улуттук көркөм сүрөттүн өнүгүшүнө зор салым кошушкан.
Ад.: Юон К. О живописи. Л., 1937; Киплик Д. И. Техника живописи. 6-е изд. М.; Л., 1950; Недошивин Г. А. Беседы о живописи. 2-е изд. М., 1964; Всеобщая история искусств. Т. 1–6. М., 1956–66; Бенуа А. Н. История живописи всех времён и народов. Т. 1–4. СПб., 2002–2004.