ЖИГИТОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИГИТОВ Салижан (17. 3. 1936, Ош облусу, Өзгөн району, Көлдүк айылы – 11. 2. 2006, Бишкек) – адабиятчы, акын, энциклопедиячы ж-а коом­дук ишмер, филология илимдеринин доктору (1992),

КРдин илим ж-а техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1994), профессор (1999), Кыргыз эл жазуучусу (2005). КМУнун филология факультетин (1959), Кыргыз ССР ИАнын аспи­рантурасын (1965) бүтүргөн. Эмгек жолун 1959-ж. мек­тепте мугалимдиктен баш­таган. 1961–62-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тил ж-а ада­бият ин-тунда кенже ил. кызматкер, сектор башчысы, 1966–73-жылдарда КМУнун окутуучусу, 1974–78-жылдарда Кыргыз совет эн­циклопедиясында башкы редактордун орун ба­сары, 1978–92-жылдарда кайрадан тил ж-а адабият институтун­да сектор башчысы, 1992–93-жылдарда КРдин Прези­дентинин кеңешчиси, 1993-жылы КРдин Өзбекстан­дагы атайын ж-а ыйгарым укуктуу элчиси, 1996–2000-жылдарда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проректору, 2000-жылдан коомдук институттун ди­ректору болуп иштеген. Алгачкы ырлары, сын макалалары 1950-жылдары чыга баштаган. Ыр­лары сезимталдыгы, ачык-айрымдыгы м-н өзгөчөлөнөт. Ал көркөм пародиянын да чебери болгон. 1971-жылы «Ыймандай сырым менин» ат­туу алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. «Ыр­лар жана жылдар» (1972), «Жаңычылык жо­лунда» (1975), «Көркөм сөз маселелери» (1982), «Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары» (1990) адабий сын макалалар жыйнактары бар. «20-жылдардагы кыргыз адабияты» (1994), «Об­ретение новых традиций» (1994), «Акындын экинчи өмүрү» (1998) монографияларында кыр­гыз жазма адабиятынын жаралуу, калыптануу ж-а өнүгүү маселелерин, фольклор м-н адабияттын карым-катышын, көркөм адабияттын коомдук тур­муштагы ордун, поэзиядагы салттык ж-а жаңы көрүнүштөрдү, ошондой эле бир катар кыргыз акын, жазуучуларынын (А. Осмонов, С. Карачев, К. Ты­ныстанов ж. б.) чыгармачылыгын изилдеп, калыс баа берген. Жигитов кыргыз элинин тарыхындагы ал­гачкы көп томдуу улуттук-универсал энцик­лопедияны чыгарууга, энциклопедиялык стил­дин калыптанышына зор эмгек сиңирген. Өт­көөл мезгилдеги өлкөнүн коомдук-саясий тур­мушунун орчун маселелери жөнүндө макалалар­ды, ошону м-н катар адабият тарыхын жаңыча тал­дап-түшүнүүгө арналган бир нече эмгек жаз­ган. «Күн тууду» («Ит икаясы») повестинин автору. Ал А. де Сент-Экзюпери, Н. Хикмет, М. Каримдин чыгармаларын кыргыз тилине ко­торгон.

Ад.: Жумабаев И. Салижан Жигитов // Кыргыз адабият таануу илими жана сыны. 2 томдук. Т. 2. Б., 2005.

И. Жумабаев.