ЖИДДА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИДДА – Сауд Арабияcындагы порт шаар. Кызыл деңиздин жээгинде жайгашкан. Калкы 3,7 млн (2022). Эл аралык аэропорту бар. Жол тоому. Ири порт (жылына 39,5 млн т жүк ж-а 2,8 млн контейнер ташылат). Мусулман-зыярат­чылар ыйык шаарларга (Мекке, Мединага) та­бынууга жөнөөчү жай. Нефть ажыратуу, нефть-­химия, болот эритүүчү, металл иштетүү, куру­луш материалдар (мрамор иштетүү, цемент), эмерек, жеңил (булгаары – бут-кийим, текстиль) өнөр жай ишканалары ж-а деңиз суусун тазалоочу ири завод иштейт. Кеме ремонттолот. Диний буюмдар чыгарылат. Университет, авиация академия­сы, медициналык институт, бир нече коллеж, музейлер (анын ичинде этнографиялык) бар.