ЖИЖКА
ЖИ́ЖКА Ян (1360-ж. ченде – 11. 10. 1424) – чех элинин улуттук баатыры. 1410-жылдагы Грюнвальд салгылашына катышкан ж-а табор түзүлгөндөн кийин Ж. төрт гетмандын бири болгон. Прага үчүн болгон салгылашта жеңишке жетүүдө зор роль ойногон (1420-ж. 14-июль). Виткова тоосундагы коргонууну билгичтик м-н башкарган (1950-ж. бул жерде Ж-нын эстелиги коюлган). 1420-ж. декабрдан Ж. таборчулардын 1-
гетманы. Гусчулар (1422) оң ж-а сол тарапка бөлүнгөндөн кийин Ж. таборчулардын сол тарабын башкарган. 1423-ж. Ж. түн.-чыгыш Чехияда борбору Градец-Кралове болгон солчул гусчулардын «Оребит боордоштугу» деген уюмун
түзгөн. Ж. өлгөндөн кийин бул уюмдун мүчөлөрү
өзүлөрүн «жетимдер» деп аташкан. Ж. сапаты ж-а темирдей тартиби жагынан айырмаланган аскер уюштурган. Аскер жол-жобосун иштеп
чыккан, жөө ж-а атчан аскердин түрлөрү м-н катар замбирекчи аскерлерди түзгөн. Ж-нын стратегиясы талаа салгылашында душманга чечкиндүү сокку урууга багытталган. Бул рыцардык аскерди жеңүүгө шарт түзгөн.
Ад.: Ревзин Г. И. Ян Жижка, М., 1952; Рубцов Б. Т. Подвиги табористов. М., 1961; Лаптева Л. П. Гуситское движение в Чехии ХV в. М., 1990.