ЖИЙДЕЛИК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖИЙДЕЛИК – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Нариман айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 950 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 18 км түштүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 3 км. Кыштак 1940-жылы негизделген. Калкы 5991 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана клуб, мончо, ФАП бар.