ЖИЙДЕЛИ-САЙ ЧОПОЛУУ БҮЛӨӨ ТАШ КЕНИ
ЖИЙДЕЛИ-САЙ ЧОПОЛУУ БҮЛӨӨ ТАШ КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кадамжай шаарчасынан 2 км түштүк-чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1100–1370 м бийикте жайгашкан. 1969–70-жылдарда Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагында силурдун кум-чополуу тектери, кварцит ж-а девондогу чополуу сланецтер (бүлөө таштар) жатат. Пайдалуу катмар девондун чополуу сланецтеринин арасында бир өңчөй, каралжын боз сланецтерден турат. Курамында серицит м-н хлорит 60–70%, талаа шпаты 20–25%, кварц 5%. Көөп чыгуу коэффициенти 3–7, орточо тыгыздыгы 0,470–0,730 г/см. Сланецтен «Б» классындагы 500, 600 ж-а 700 маркасындагы керамзиттик шагыл алууга болот. 1997-жылдын 1-январына карата баланстагы запасы: В – 2328 миң м3, С – 5379 миң м3, С –1 5067 миң м3. Кен казып алынууда.