ЖИЙДЕ-БУЛАК ЦЕЛЕСТИН КЕНИ
ЖИЙДЕ-БУЛАК ЦЕЛЕСТИ́Н КЕНИ Баткен районунда, Шураб шаарынын жанында, деңиз деңгээлинен 1390–1420 м бийикте жайгашкан. 1955–57-жылдарда Тажик ССРинин Министрлер Советинин алдындагы геология ж-а жер байлыгын коргоо башкармасы тарабынан изилденген. Целестин кени бор мезгилинин чөкмө тек катмарына туура келет. Анын ичинде целестин 10–12 кабат жайгашып, бир топ аралыкка созулат. Бири-бирине жакын жайгашкан кабаттар 3 кенташ тулкуга бириккен. Целестин кенташы желвак ж-а чачынды түрүндө кезигет. Желвактарда целестиндин орточо өлчөмү 59,5–96,8%ке, жанаша жаткан тектерде 2,8%тен 27,5%ке чейин өзгөрөт. Технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде, целестиндин чачырандыларынан турган кенташтардын жеңил ылгана тургандыгы аныкталган. Концентраттагы целестиндин өлчөмү 83,7–91,77%, ал эми бөлүнүп алынышы 74%тен 96,2%ке жетет. Запасы С1 ж-а С2 категориясы боюнча 380–400 миң тга жакын. Целестинден стронций тузун алууга ж-а кант, айнек өнөр жайында колдонууга болот.