ЖИЙДЕ (Өзгөн районундагы кыш­так)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИЙДЕ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыш­так. Ийри-Суу айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1285 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 23 км түндүк тарапта. Ка­ра-Суу темир жол бекетинен 69 км. Кыштак 1870-жылы отурукташкан. Калкы 3347 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик комби­натынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.