ЖИКИЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИКИЛДЕР , ч и г и л д е р – байыркы түрк урууларынын бирикмеси. Борбордук Теңир-Тоо м-н Жети-Сууну жердеп, Караханиддер мамлекетин­де өзгөчө орунга ээ болгон. Орхон жазууларын­да Жикилдер м-н чиктер бир эл экени, алар байыркы теле (же тогуз-огуздар) уруулары болуп, орто кы­лымдын башында азыркы Туванын батышын­да туруп, Саян-Алтай элдери м-н бирге Борбордук Азиядагы кагандыктардын бийлигине каршы күрөшүшкөн. Ушундай күрөштүн натыйжасын­да чиктердин негизги тобу түштүк-батышты көздөй жылып, Жети-Суу ж-а Теңир-Тоого келишкен. «Худуд ал-'алам Мин ал-Машрик Илал-л Маг­рибдин» (к. «Худуд ал-алам») аталбаган авто­рунун жазганы боюнча Жикилдер көп сандуу болуп, түштүк ж-а чыгышынан карлуктар, батышында тух­силер, түндүк жагынан кыргыздар м-н чектеш­кен. Ал эмгектин автору ал жерде Ысык-Көл жайгашканын белгилейт.

Ад.: Бартольд В. В. Извлечение из сочинения Гар­дизи «Зайн ал-ахбар» // Соч. Т. VIII. М., 1973; Мате­риалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2002.

Т. Жуманалиев.