ЖИПТИК ӨРӨӨНҮ
ЖИПТИК ӨРӨӨНҮ – Ак-Буура суусунун алабынан орун алган кооз өрөөн. Алай кырка тоосунун тармактарынын аралыгында меридиан багытына жакын жайгашкан. Узундугу 40 кмдей, туурасы 5 кмге чейин. Орточо бийиктиги 2800 м, эң бийик жери 3900 м, жапыз жери 2100 м (Кожокелең). Өрөөндүн капталдары тик, аскалуу келип, негизинен палеозойдун акиташ теги, төмөнкү бөлүгү бор м-н палеогендин кызыл түстүү конгломератынан, неогендин кум-чополуу тектеринен турат. Ой-Тал, Мазар ж. б. каптал өрөөндөрдө бул тектердин калыңдыгы 100–150 мге жетип, тар каньондорду (шаңшаарларды) пайда кылат. Өрөөндүн жогорку бөлүгү корумдар, байыркы мореналар, суу чөгүндүлөрү м-н капталган. Кышы суук, жайы мелүүн. Январдын орточо температурасы –8 ...–10°С, июлдуку 15–16°С; жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Негизги суулары: Жиптик, Кайыңды. Өрөөн түштүк-чыгыштан түндүк-батышка жантайыңкы болгондуктан, суулары шар агат. Бөгөттөр, шаркыратмалар көп. Негизинен арча токою, шалбаа басымдуу; түзөң бөлүгү маданий ландшафт. Өрөөндө Кожокелең кыштагы жайгашкан. Жайыт.