ЖИРМУНСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИРМУ́НСКИЙ Виктор Максимович [21. 7(2.8). 1891, Петербург – 31. 1. 1971, Ленинград] – филолог, СССР ИАнын академиги (1966), Ле­нинград мамлекеттик университетинин профессору (1919), Оксфорд, Краков, Гумбольдт атындагы Берлин ж-а Карл (Пра­га) университеттеринин ардактуу доктору, советтик герма­нистиканын негиздөөчүсү. Жирмунский герман, түрк ж-а жалпы тил илиминин, батыш ж-а орус адабиятта­рынын тарыхы, теориясы, поэтикасы, ыр түзүлүшү, фольклору, чыгыш элдери­нин эпосу боюнча баалуу эмгек­терди жараткан: «Немец ро­мантизми жана азыркы мис­тика» (1914), «А. Блоктун поэзиясы» (1921), «В. Брю­сов жана Пушкиндин мура­сы» (1922), «Рифма, анын тарыхы жана теориясы»

(1923), «Байрон жана Пушкин» (1924), «Ада­бият теориясынын маселелери» (1928), «Улут­тук тил жана социалдык диалектилер» (1936), «Гёте орус адабиятында» (1937), «Элдик баатыр­дык эпос» (1962), «Немец диалектологиясы» (1956) ж. б. Ал Орто Азия элдеринин оозеки чыгармачы­лыгын изилдеп, «Өзбек элинин баатырдык эпо­су» (1947, Х. Т. Зарифов м-н бирдикте), «”Ма­нас” эпосун изилдөөгө киришүү» (1948), «Алпа­мыш жөнүндө улуу сөз жана баатырдык жо­мок» (1960) сыяктуу белгилүү эмгектерди жаз­ган. «”Манас” эпосун изилдөөгө киришүү» де­ген эмгегинде «Манас» айтуучуларды Ысык-Көл ж-а Тянь-Шань мектеби деп экиге бөлөт да, ай­туучулардын варианттарындагы окшоштуктар­ды ж-а айырмачылыктарды далилдеген. Эпо­пеянын жаралышы, идеясы ж-а образдык түзүлүшү туурасында ой жүгүртүп, башка түрк элдеринин эпосторуна караганда, кыргыз эпо­сунда эпикалык салт өтө күчтүү өнүккөнүн бел­гилеген. Ошондой эле эпостун келип чыгышы ж-а кай­сы доорго тиешелүү экени жөнүндө да кызык да­лилдерди келтирип, көркөм дөөлөттөрдү тары­хый-типологиялык аспекттен изилдөө ишин биринчи планга койгон. Жирмунский Берлиндеги Герман ИАнын (1956), Британ ИАнын (1962), Дания ИАнын (1967) ж-а Бавария ИАнын корреспондент-мүчөсү (1970) болгон. Ленин ордени м-н сыйланган.