ЖИТОМИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИТО́МИР – Украинадагы шаар. Житомир облусу­нун административдик борбору. Тетерев дарыясынын боюнда жай­гашкан. Калкы 260,3 миң (2022). Өлкөнүн маа­нилүү экономикалык ж-а илимий борбору. Ири темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Машина куруу, ме­талл иштетүү («Электроизмеритель» өндүрүш би­рикмеси, станок-автоматтар, тиричиликке ке­ректүү буюмдар), тамак-аш (эт, консерва ж. б.) өнөр жайы, эмерек комбинаты, музыкалык аспаптар фабрикасы ж. б. иштейт. Университеттер, музейлер (анын ичинде космо­навтика тарыхы), жазуучу В. Г. Короленконун ж-а академик С. П. Королёвдун үй-музейлери (ушул шаарда төрөлгөн) ж. б. бар. 9-кылымда негиз­делген. 1320-жылы литвалыктар, 1569-жылы поляктар басып алган. Магистрат (18-кылым), чиркөө, кафед­ралуу чиркөөлөр (18-кылым) сакталган.