ЖОБО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖОБО – мамлекеттик органдар системасынын (мисалы, КРдин министрликтери жөнүндө жалпы жобо) же мамлекеттик бир органдын (мисалы, мамлекеттик автомобиль инспекциясы жөнүндө жобо) түзүлүшүн, милдетин, компетенциясын аныктоочу, ошондой эле уюмдардын (спорт жана башка) иш-аракеттеринин максатын, тартибин жана белгилүү бир маселе боюнча (мисалы: ачылыштар, ойлоп чыгаруулар жана рационализатордук сунуштар жөнүндө жобо) уюштуруучулук, мүлктүк, эмгектик мамилелердин жыйындысын жөнгө салуучу жыйынтыктуу, кодекстештирилген мүнөздөгү нормативдик акт.