ЖОГОРКУ БИЛИМ
ЖОГОРКУ БИЛИМ – толук орто билимдин базасында ЖОЖдордо бериле турган, түрдүү тармактагы жогорку квалификациялуу адистер үчүн зарыл болгон билим деңгээли; илим, техника ж-а маданияттын соңку жетишкендиктерин чыгармачылык м-н пайдалануу ж-а аны өркүндөтүү аркылуу адистик боюнча коюлган теориялык ж-а практикалык маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берүүчү, системага келтирилген билим ж-а ыктардын жыйындысы. Түрдүү баскычтагы жогорку мектептер мындан миңдеген жылдар мурда пайда болсо да (Байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө), жогорку билим азыркы түшүнүктөгү маанисине орто кылымда гана ээ болгон. 18-кылымда ж-а 19-кылымдын 1-жарымында Россияда жогорку билимдин өнүгүшүнө орус агартуучулары Я. П. Ковалевский, Д. С. Аничков, С. Е. Десницкий чоң салым кошкон. Алар жогорку билимди демократиялаштырууну көздөшкөн. Материалист-философ А. Н. Радищев гуманитардык илимдерди, табият таануу ж-а математика илимдерин кеңири ж-а терең үйрөнүүгө негизделген окутуу программасын Россияда биринчи сунуш кылган. Орус революциячыл демократтары Г. Белинский, А. И. Герцен, Н. Г. Чернышевский, Н. А. Добролюбов, Д. И. Писарев ж-а педагогдор Т. Н. Грановский, К. Д. Ушинский, Н. И. Пирогов жогорку билимдин көп илимий-методикалык маселелерин чечүүгө жардам беришкен. 19-кылымдын 70-жылдарында Батыш Европа ж-а Америка өлкөлөрүндөгүдөй эле Россияда да жогорку билим берүү башталган. Москва, Казан, Петербург ж-а Киевде жогорку курстар уюшулган. Кийин жогорку билимдин максаты ж-а милдети өзгөрүп, В. И. Лениндин Декретинин (1921) негизинде кайра түзүлгөн. Декрет РСФСРдин ЖОЖдору жөнүндөгү жаңы Жобону бекиткен (к. Жогорку окуу жайлар). Адистерди даярдоонун сапатын арттыруу жогорку мектептин башкы милдетине айланган. 1921-жылы Москвада, Петроградда Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университети уюштурулган.
РСФСРдин чет жагында жумушчу факултеттери ачылып, анда окугандарга стипендия, ЖОЖго өтүү үчүн жеңилдиктер бериле баштаган. КРдин эгемендүүлүгү, анын улуттук таламдары жогорку билим системасынын кубаттуу ж-а натыйжалуулугун талап кылды. Жогорку билимди өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары: илимге умтулуу, улуттук маданиятты өнүктүрүү, туруктуу өнүгүүгө багытталуу дүйнөлүк билим берүү деңгээлине жетүү. Жогорку билим берүүнү реформалоодо мазмундук, уюштуруучулук-административдик мүнөздөгү өзгөрүүлөр жүрүп, эл аралык стандартка багыт алуу башталган.(к. Болонья келишими). Кыргызстанда да Болонья системасына кирүүгө көңүл бурула баштаган. АКШ, Түркия, Россия өлкөлөрү м-н биргелешкен окуу жайлары ачылган. Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, бул тармакта өзгөрүүлөр болду. Анын негизги өзөгүн 1992-жылдагы КРдин «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы, «Билим программасы», «21-кылымдын кадрлары» программалары ж. б. концепциялар түзөт. Кадрларды даярдоодо жогорку билим берүүнүн көп баскычтуу системасы киргизилген: а) базалык жогорку кесиптик билим берүү, диплом ж-а бакалавр академиялык даражасы берилет; б) толук жогорку кесиптик билим берүү, диплом ж-а магистр академиялык даражасы берилет; в) толук жогорку кесиптик билим берүү, диплом ж-а дипломдуу адис квалификациялык даражасы берилет. Квалификациялуу адистик билим алгандан кийин тездетилген программа боюнча 1,5 жылда магистрдик даражаны алууга мүмкүнчүлүк берет. Бакалавр дипломун алгандан кийин квалификациялуу адис даярдоо программасы боюнча 1,5 жылда тийиштүү багыт боюнча окууну улантууга болот. ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү илимдин кандидаты ж-а доктору окумуштуулук даражасы берилүүчү илимий ж-а илимий-педагогикалык кадрларды даярдап чыгаруу программасы боюнча жүргүзүлүп, ЖОЖдордо ж-а илимий мекемелерде түзүлгөн талапкердик, аспирантура, адьюнктура, докторантура аркылуу ишке ашырылат. Жогорку билим берүүнүн мазмунун, сапатын билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органы – КРдин билим берүү ж-а илим министрлиги көзөмөлдөйт.
М. Молдалиева, А. Элебесова.