ЖОГОРКУ КЕҢЕШ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ – КРдин парламенти, мыйзам чыгаруу бийлигинин ж-а өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу функцияларын жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган. Партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 90 депутаттан турат. Курагы 25тен жаш эмес, шайлоо укугуна ээ болгон КРдин жараны ЖКнын депутаты болуп шайлана алат. ЖК депутаттарын шайлоо тартиби мыйзам м-н аныкталат. ЖК депутаттары ант берген күндөн ыйгарым укуктарга ж-а милдеттерге ээ болушат. ЖК – КРдин мыйзам чыгаруу бийлиги болуп эсептелет. ЖК өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде Конституцияга өзгөртүүлөрдү ж-а толуктоолорду киргизет, мыйзамдарды кабыл алат, республиканын бюджетин бекитет, КРдин административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет. Президенттик шайлоону дайындайт, Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн түзүмүн бекитет, Президенттин сунушу б-ча Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларын шайлайт ж-а кызматынан бошотот, башкы прокурорду дайындоого макулдук берет. ЖК Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагаларын, Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт. Ошондой эле эл аралык келишимдерди ратификациялайт ж-а денонсациялайт, өзгөчө абалды киргизет, мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат. ЖК өз курамынан ЖКнын төрагасын, анын орун басарларын шайлайт. ЖК депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссияларды, алардын курамын түзөт. Мыйзам чыгаруу демилге укугу: 30 миң шайлоочуга (элдик демилгеге), Президентке, ЖКнын депутаттарына ж-а Өкмөткө таандык. ЖКнын сессиясы жыйналыш түрүндө ишке ашырылат ж-а сентябрдын алгачкы жумуш күнүнөн тартып, келерки жылдын июнунун акыркы жумуш күнүнө чейин жүргүзүлөт. ЖКнын кезексиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же ЖКнын депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча ЖКнын төрагасы тарабынан
чакырылат. ЖКнын жыйналышы ага ЖК депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, ыйгарым укуктуу болот. ЖК, анын иштөө тартиби, ыйгарым укуктары ж. б. КРдин Конституциясынын төртүнчү главасында (54–67-статья) каралган. 1917-жылдын октябрынан 1990-жылга чейин СССР парламенттик республика катары эсептелип, БАКтын төрагасы эч кандай реалдуу ыйгарым укугу болбосо да, мамлекеттин жетекчиси катары саналган. Иш жүзүндө компартия үстөмдүк жүргүзгөн. БАК Советтердин съездинде шайланган. 1936-ж. СССРдеги конституциялык реформадан кийин Советтердин съезди – Жогорку Совет, съезддин делегаттары – Жогорку Советтин депутаттары, БАК – Жогорку Советтин Президиуму болуп өзгөртүлүп, Жогорку Совет мамлекеттик бийликтин жогорку органы катары өз ишин жылына эки жолу өткөрүлүүчү сессияларда ишке ашырган. Ал эми Жогорку Советтин сессияларынын аралыгындагы мезгилде Жогорку Советтин Президиуму башкарган. Ал Жогорку Совет тарабынан шайланган. Бийликтин ушундай уюштурулган курамы союздук республикаларда ж-а автономиялуу түзүлүштөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да иштеген. Кара-Кыргыз АОсунун уюштурулушу м-н облустук аткаруу комитетитинин башкаруу органдары түзүлгөн ж-а жетекчилери шайланган. Кыргыз АОсу 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРи болуп кайрадан түзүлгөн. Кыргыз АССРинин I уюштуруу съезди 1927-жылдын 7–12-мартында болуп, анын ишине 231 делегат катышкан. Делегаттардын көпчүлүгү компартиянын өкүлдөрүнөн (192 киши) турган, жалпы делегаттардын 116сы дыйкан, 43ү жумушчу, 58и кызматчы, 12си аскер адамдары болгон. Делегаттар Кыргыз АССРинин БАКын ж-а алгачкы мамлекеттик аткаруу бийлиги (Өкмөттү) – Эл Комиссарлар Советин (ЭКС) түзүшкөн. 1936-жылы Советтер Союзунда конституциялык реформа жүргүзүлүп, СССРдин жаңы Конституциясына ылайык Кыргызстан автономиялуу республикадан союздук республикага айландырылган. 1938-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советине шайлоо өткөрүлгөн. Ага шайлоочулардын 98,23%и катышкан. Кыргызстандын республикалык бийлик түзүлүшүнүн тарыхында биринчи жолу жашыруун, жалпы, тең ж-а тике добуш берүү м-н шайлоо жүргүзүлгөн. Кыргыз ССР Жогорку Советине 284 депутат 5 жылдык мөөнөткө шайланган. Республиканын Жогорку Советине кийинки шайлоолор Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу токтоп калып, 1947-жылдын февраль айында гана өткөрүлгөн. Депутаттар 4 жылга, 1950-жылдан беш жылга шайланган. Кыргыз ССРинин акыркы 1990-жылы шайланган Жогорку Совети «легендарлуу парламент» катары тарыхта калды. Бул Кыргызстандын акыркы советтик парламенти эгемендүү Кыргыз мамлекетинин жаңы Конституциясы боюнча Жогорку Кеңеш аталып, жаңы парламент катары ишин улантып, сессияларда гана эмес, дайыма иштөөчү бир палаталуу өкүлчүлүктүү мамлекеттик жогорку орган болуп калган. Легендарлуу парламенттин депутаттары Мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндө (15. 12. 1990) ж-а Мамлекеттик көз каранды эместик жөнүндө (31. 8. 1991) декларацияларды, жаңы Конституцияны (5-май, 1993-жыл) кабыл алышкан, өлкөнүн биринчи президентин шайлашкан, республиканын жаңы мамлекеттик туусун, мамлекеттик гербин, гимнин бекиткен, ЖКнын атынан кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун мыйзамдаштырган, ошондой эле экономикалык эгемендүүлүктүн нукура белгиси улуттук акча – сом киргизилген. 1994-жылы сентябрда легендарлуу ЖК өзүн-өзү таркаткан. 1994-жылы 22-октябрда өткөрүлгөн Бүткүл элдик референдумдун натыйжасында ЖК эки палаталуу өкүлчүлүктүү орган болуп калган. 1995-жылы 5-февралдагы шайлоодо кош палаталуу жаңы парламент түзүлгөн. Б и р и н ч и чакырылышында ЖКнын жогорку палатасы – Мыйзам чыгаруу жыйынына – 35 депутат ж-а төмөнкү палатасы – Эл өкүлдөр жыйынына – 70 депутат кирген. Кийинчерээк мамлекеттик маанилүү маселелерди кабыл алууда кооптуу жагдайлардын келип чыгуу мүмкүндүгү эске алынып, Мыйзам чыгаруу жыйынында 60ка, Эл өкүлдөр жыйынында депутаттардын санын 45ке жеткирүү каралып, бардыгы 105 депутат болушу белгиленет. Ушул сан тартиби боюнча ЖКнын э к и нч и чакырылышына шайлоо 2000-жылдын февраль–март айларында болуп өткөн. КРдин Конституциясынын жаңы редакциясында (2003) курамы 75 депутаттан турган бир палаталуу парламент түзүү каралып, ЖКнын ү ч ү н ч ү чакырылышынын депутаттары ушул тартипте 2005-жылы февралда шайланган. Бийлик бутактарынын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам 2007-жылдын 21-октябрында КРдин Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүлгөн. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык курагы 25тен кем эмес, шайлоо укугуна ээ болгон КРдин жараны өз партиясынын курултайы сунуштаган тизме боюнча ЖКга депутаттыкка талапкерлигин коё алат. ЖКнын т ө р т ү н ч ү чакырылышы партиялык тизме аркылуу өткөрүлүп (24. 12. 2007), анда 90 депутат шайланган. Шайлоодо «Ак Жол» элдик партиясы 71 депутаттык орунга, Кыргызстан социал-демократиялык партиясы 11, Кыргызстандын коммунисттер партиясы 8 орунга ээ болгон. ЖКда 3 депутаттык фракция түзүлүп, 12 тармактык комитет иштеген. 2010-жылы 14- апрелде КРдин Убактылуу өкмөтүнүн атайын декрети м-н ЖКнын төртүнчү чакырылышынын иши токтотулган.
К ы р г ы з п а р л а м е н т и н ж е т е к т е г е н д е р: Кара-Кыргыз (Кыргыз) АО БАКтын алгачкы төрагасы, кийин Кыргыз АССР БАК, Кыргыз ССР БАКтын төрагасы А. Орозбеков (27. 3. 1925–12. 3. 1927; 12. 3. 1927–5. 12.1936; 5. 12. 1936–16. 9. 1937), М. И. Ус (16. 9.1937–37), М. Туганбаева (1937– 4. 10. 37), С. Шамурзин (4. 10. 1937–29. 11. 37), И. Ф. Соколов (29. 11. 1937–28. 2. 38), М. Салихов (28. 2. 1938– 8. 5. 38); К ы р г ы з С С Р Ж о г о р к у С о в е т и н и н П р е з и д и у м у н у н т ө р а г а л а р ы: А. Толубаев (19. 7. 1938–22. 3. 43), М. Токобаев (22. 3. 1943–14. 11. 45), Т. Кулатов (14. 11. 1945– 25. 8. 78), С. Ибраимов (25. 8. 1978–4. 12. 78), А. А. Бусс (22. 12. 1978–10. 1. 79), А. Дүйшеев (10. 1. 1979–14. 1. 81), Т. Х. Кошоев (14. 1. 1981– 8. 8. 87), Т. Акматов (8. 8. 1987–10. 4. 90), А. Масалиев (10. 4. 1990 – 11. 12. 1990); К ы р г ы з С С Р Ж о г о р к у С о в е т и н и н п р е д с е д а т е л д е р и: И. П. Боряк (1938–40), К. Жаналиев (1940–47), А. Сүйөркулов (1947–50), Б. Мамбетов (1950–53), К. Дикамбаев (1953–55), К. Каракеев (1955–58), А. Казакбаев (1958–59, 1961–63), Т. Усубалиев (1959–61), А. Токомбаев (1963–64), Б. Мураталиев (1964–71), Б. Жамгырчинов (1971–75), С. Табышалиев (1975–80), Т. Аскаров (1980–85), Т. Садыков (1985–90). К Р Ж К н ы н т ө р а г а л а р ы: КР ЖКнын төрагасы М. Шеримкулов (11. 12. 1990 – 13. 9. 94). Эки палаталуу парламент мезгилиндеги (1995–2005) КР ЖКнын Эл өкүлдөр жыйынынын төрагалары: А. Матубраимов (28. 3. 1995– 26. 11. 1997), А. Эркебаев (26. 11. 1997– 12. 4. 2000), А. А. Бөрүбаев (18. 4. 2000–24. 3. 2005), М. О. Мукашев (24–25. 3. 2005). КР ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагалары: М. Ш. Чолпонбаев (29. 3. 1995–15. 11. 1997), У. Мукамбаев (15. 11. 1997 – 14. 4. 2000), А. Эркебаев (14. 4. 2000 – 24. 3. 2005), И. Д. Кадырбеков (24 – 25. 2005). Бир палаталуу парламент мезгилиндеги (март 2005) КР ЖКнын төрагалары: Ө. Ч. Текебаев (28. 3. 2005–2. 3. 2006), М. А. Султанов (2. 3. 2006–23. 10. 2007), А. К. Мадумаров (24. 12. 2007 – 25. 5. 2008), А. С. Тагаев (29. 5. 2008 –17. 12. 2009), З. К. Курманов (24. 12. 2009 – 14. 2010-ж.).
К. Раматов.