ЖОГОРКУ КӨЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОГОРКУ КӨЛ (Clake Superior) – дүйнөдөгү эң чоң тузсуз көл. Түндүк Америкада (түндүк-чыгышы Канадада, батышы ж-а түштүгү АКШда). Улуу көлдөрдүн ириси ж-а тереңи. Аянты 82,4 миң км2, тереңдиги 393 мге чейин. Гурон көлү м-н Сент-Мэрис дарыясы аркылуу туташат. Чанагы тек­тоникалык кыймылдан пайда болгон. Жээктери декабр­дан апрелге чейин тоңот. Балык кармалат. Не­гизги порттору: Дулут, Сьюпириор, Ашленд, Маркетт (АКШ), Тандер-Бей (Канада). Айл- Ройcл улуттук паркы уюшулган.