ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР (ЖОЖ)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР (ЖОЖ) – жалпы ж-а атайын орто билимдин негизинде терең фундаменталдуу билимге ээ жогорку квалифи­кациялуу адистерди даярдоочу окуу-тарбия ме­кемелери. Ага университет, институт, жогорку аскердик окуу жайлар кирет. Айрым учурда ЖОЖ – акаде­мия, консерватория, жогорку мектеп, колледж деп аталат. Университеттер жогорку илимий даражага ж-а квалификацияга ээ окутуучулар ж-а профессор­лор м-н камсыз болушуна жараша илимдин ба­калаврдык, магистрдик, кандидаттык ж-а док­торлук даражаларын берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары өнөр жайдын, маданияттын ж-а коомдук жашоо-тиричиликтин ар кандай тар­мактары боюнча адистердин квалификациясын өркүндөтүү иштерин да алып барат. Алгачкы жогорку (философиялык) мектептер б. з. ч. 3–5 кылымдарда Афины м-н Римде пайда болгон. Грузиядагы биринчи жогорку мектептер – Колхида (4-кылым), Икалто, Герм, Гелати (11–12-кылым) академиялары. 13–14-кылымдарда Батыш Европанын бир катар шаар­ларында университеттер ачылган. 1579-жылы Вильнюс ака­демиясы, 1632-жылы Киев-Могилян академиясы, 1661-жылы Львов ж-а 1669-жылы Загреб университеттери, 1687-жылы Москвада Славян-грек-латын академия­сы уюштурулган. 1725-жылы Петербург академия­сынын алдында академиялык университет, 1755-жылы М. В. Ломоносовдун демилгеси боюнча Москва ун­иверситети негизделген. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын ба­шында ири машина индустриясынын өнүгүшү м-н университеттер, инженердик ж. б. тармактык институттар көп өлкөлөрдө ачылган. Кыргызстанда ЖОЖ Улуу Ок­тябрь социалисттик революциясынан кийин пайда болгон. Кыргыз ССРинде биринчи ЖОЖ – Кыргыз мамлекеттик педагогика институту 1932-жылы Фрунзеде ачылган. 1933-жылы зооветеринария институту ачылып, 1938-жылы айыл чарба институтуна айландырылган (к. Кыр­гыз агрардык университети И. Скрябин атындагы). 1939-ж. сентябрда Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик меди­цина институту (к. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы И. Ахунбаев атындагы), 1939–40-жылдарда Ош (к. Ош мамлекеттик университети) ж-а Прже­вальск (к. Ысык-Көл мамлекеттик универси­тети К. Тыныстанов атындагы) шаарларында мугалимдер институттары уюштурулган. 1945-жылы башталгыч класстардын мугалимдерин даярдап чыгарууга багытталган кыз-келиндер окуу жайы уюшул­ган ж-а анын базасында 1950-жылы Кыргыз кыз-­келиндер педагогика институту түзүлүп, ага 1952-жылы В. В. Маяковскийдин ысмы ыйгарылган (к. Кыргыз мамлекеттик университети И. Ара­баев атындагы). Оштогу мугалимдер институтунун база­сында 1951-жылы, Пржевальскидеги мугалимдер институтунун базасында 1955-жылы педагогика институтта­ры түзүлгөн. Кыргыз мамлекеттик университети педагогикалык институттун базасында түзүлүп (1951), СССРдин 50 жылды­гы атындагы (1972), кийин Ж. Баласагын атындагы Кыр­гыз улуттук университети (2002) аталган. 1954-жылы Фрун­зе политехника институту (к. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети И. Раззаков атындагы), 1955-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту (к. Кыр­гыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт ака­демиясы), 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту (к. Кыргыз мамлекеттик искусство инсти­туту Б. Бейшеналиева атындагы) ачылган. Ошондой эле 1979-жылы Фрунзе орус тили жана адабияты педа­гогика институту (к. Бишкек гуманитардык универ­ситети К. Карасаев атындагы, 1994), 1991-жылы Биш­кек милиция жогорку мектеби (к. Кыргыз Рес­публикасынын ички иштер министрлигинин академиясы Э. Алиев атындагы, 1999), 1992-жылы Кыр­гыз архитектуралык-курулуш институту (к. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана ар­хитектура университети Н. Исанов атындагы, 1998), 1991-жылы көркөм-сүрөт колледжи (к. Кыр­гыз Республикасынын улуттук көркөм-сүрөт академиясы Т. Садыков атындагы, 2004), Кыргызстан эл аралык университети (1991), Кыргыз-Россия Славян университети Б. Ельцин атындагы (1991), Кыргыз-Түрк «Манас» университети (1995), На­рын мамлекеттик университети (1996), Бор­бордук Азиядагы Америка университети (1998), Кыргыз улуттук консерваториясы К. Молдо­басанов атындагы (1998), Талас мамлекеттик уни­верситети (2000), Баткен мамлекеттик уни­верситети (2002) ж. б. окуу жайлары бар. Ошен­тип, 1991-жылдан кийин бир нече жаңы ЖОЖдор ачылып, институттардын университетке айланышы м-н ЖОЖдордун ж-а студенттердин саны өстү. Кыргызстандын аймагында 1980–90-жылдарда бар­дыгы 10 ЖОЖ болсо, 2000–01-окуу жылында республикада ЖОЖдордун саны 40, ал эми сту­денттердин жалпы саны 188,2 миңди түзгөн, бул болсо 1999–2000-окуу жылына салыштырганда 29,5 миңге көп болгон. 2002-жылы университет, институт, ака­демиялардын саны 46га жеткен. 2002-жылы 54 окуу жайы, анын ичинде 31и – мамлекеттик, 15и – жеке менчик ж-а 8и – КМШ ЖОЖдорунун филиалдары бо­луп, аларда окутуу кыргыз, орус, казак, өзбек, англис, түрк, тажик, немис тилдеринде жүргүзүл­гөн. Коммерциялык ЖОЖ, факультеттер, бөлүмдөр ачылган. 1990-жылга салыштырмалуу 2002–03- окуу жылында контракт м-н окугандардын саны 5,6 эсеге көбөйгөн. Окуу квалификациясында ж-а окутуу процессинде да реформалар жүргү­зүлүп, бакалавриат ж-а магистратура пайда болду. Тест, рейтинг системасы, кредиттик саат киргизилген. Кыргызстанда ЖОЖдордун жалпы са­ны 1994–2004-жылдары 22ден 49га чейин өскөн. 2009-жылы 32 мамлекеттик ЖОЖ, 20 мамлекеттик эмес ЖОЖ болгон.

М. Молдалиева, А. Элебесова.