ЖОГОРКУ ЧЫҢАЛУУДАГЫ ТЕХНИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОГОРКУ ЧЫҢАЛУУДАГЫ ТЕ́ХНИКА – электр техникасынын жогорку электрдик чы­ңалуудагы (1 кВттан жогору) ар кандай чөйрөдө болуучу электрдик кубулуштарды үйрөнүүчү ж-а колдонуучу бөлүгү. Жогорку чыңалуудагы техниканын негизги ба­гыты – электр тогун өткөрүүчү линиялардын узакка ишенимдүү иштөөсүн ж-а ашыкча чыңа­лууга туруштук берүүсүн камсыз кылуу үчүн жо­горку вольттуу электр машиналарын ж-а ку­рулмаларын жасоо. Экинчи маанилүү багыты – жогорку вольттуу курулмаларда пайда болгон жогорку жыштыктуу нурланууну ж-а таажы­луу разрядды изилдейт. Жогорку чыңалуудагы техникага, ошондой эле жо­горку вольттуу курулмаларды сыноочу, өлчөөчү түзүлүштөрдү иштеп чыгуу ж-а пайдалануу жу­муштары тиешелүү. Газ тазалоо системасында, сырдоо ж. б. багыттарда колдонулуучу элект­рон-иондук технология жогорку чыңалуудагы техниканын өзүнчө бөлүмү болуп эсептелет.