ЖОКЬЯКАРТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОКЬЯКА́РТА (Yogуakarta, Jogjakarta, Djokjakarta) – Индонезиядагы шаар. Ява аралында, Мерапи жанартоосунун (бийиктиги 2911 м) түш­түк тарабында, Инди океанынын жээгинен 35 км аралыкта жайгашкан. Өзгөчө административдик бирдик бо­луп бөлүнгөн. Калкы 670 миң (2007, шаар агло­мерациясында 1,5 млн). Жолдор тоому. Эл ара­лык аэропорту бар. Өлкөнүн башка шаарлары м-н темир жол аркылуу байланышат. Шаар 1755-жылы негизделген. 1946–49-жылдарда Индонезиянын убакты­луу борбору. Шаар бир нече жолу жер ти­тирөөдөн (2006-жылы 27-майдагы жер титирөөдө 6 миңге жакын адам каза болгон) ж-а Мерапи жанартоосунун атылышынан жапа чеккен. Батик кездемесин чыгаруучу кустардык өндү-

Султандын ак сарайы.

рүшү, тамак-аш (кант, жемиш консервасы, май ж. б.), тамеки, эмерек жасоочу өнөр жай ишканасы иштейт. Көркөм буюмдар жасалат. Университеттер (анын ичинде Гажа-Мада; 1949, мамлекеттик), Индонезия иск­усство институту, бейөкмөт ЖОЖ (анын ичинде Индонезия Ис­лам университети; 1945), классикалык Ява бийи мекте­би ж-а көлөкө театры (ваянг-кулит), Ислам ж-а региондук китепканалар, музейлер (Сонобу­дойо Индонезия искусствосунун, улуттук баатыр ханзаада Дипонегоронун), океанариум (акула­лар үчүн дүйнөдөгү эң ири бассейн), Пасар-Нга­сем канаттуулар базары ж. б. бар. Шаардын чет-жакасындагы 8–10-кылымдын архитектура эстелик­тери – дүйнөдөгү эң чоң будда храмы Боробу­дур, индуизм храм комплекси Прамбанан Бүт­күл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизил­ген. Ошондой эле Борбордук чиркөө, шаардын тары­хый борборунда султандын ак сарай ансамб­ли («кратон», 18-кылым), парк, Таман-Сари ак са­райынын калдыктары («Суу сепили», 1758; 2006-жылдан калыбына келитирилүүдө) сак­талган. Жокьякарта – Ява аралынын башкы маданий ж-а


туристтик борбору. Жыл сайын Индонезия му­зыкасынын ж-а бий искусствосунун фестивал­дары өткөрүлүп турат.

Р. Карачалова.