ЖОЛБОРС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖОЛБОРС (Felis tigris) – мышыктар тукумундагы сүт эмүүчү ири жаныбар. Дене уз. 160– 190 см, чанда 3 м, салм. 390 кгдай, куйругу 1,4 мге жетип, кулагы кыска, буттары күчтүү, таманы жазы, тырмагы курч. Жүнү кыска, тыгыз, жумшак. Түсү кызгылт сары. Капталында кара тилкерлери бар. Кытай, Индия, Инди-Кытай, Малай архипелагы ж-а Иранда; Россиянын Приморье крайында (амур Ж-у) кездешет. Ал


бадалдуу ж-а калың камыштуу жерлерди, дарыя жээктерин, токойлорду мекендейт. Көбүнчө эчки-теке, аркар-кулжа, бугу-марал ж. б. жаныбарларды кармап жейт. 2–3 жылда 1 жолу 2–6 күчүк тууйт. 15–17 жыл жашайт. Аярлап басат, сууда жакшы сүзөт. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.