ЖОЛБУН КӨЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛБУН КӨЛ – жайык түздүктөрдө жайга­шып, жылдан жылга орду, өлчөмү ж-а туздуу­лугу өзгөрүп туруучу туюк көл. Мындай көл­дөрдүн болушунун негизги себептери: суусу мол ж-а аз жылдарда же мезгилдерде келген суулар­дын өтө өзгөрмөлүүлүгү; көлгө куйган суулар­дын шиленди тектерди көп агызып келүүсү. Ж. к-дөр материктердин кургакчыл ички аймак­тарында кездешет, мис., Кытайдагы Лобнор көлү ага айкын далил.