ЖОЛДОШЕВА
ЖОЛДОШЕВА Чолпон Токчороевна (20. 12. 1929-жылы туулган, Пишпек) – адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1983), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (1984), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1984), профессор (1993). Ломоносов атындагы

Москва мамл. университетин бүтүргөндөн (1952) КМУда окутуучу, кафедра башчысы. Окумуштуунун адабияттын орчун маселерине арналган макалаларында («Русско-киргизские литературные взаимосвязи», «Ч. Айтматов и современный литературный процесс», «Взаимобогощение национальных советских литератур и художественный перевод», «Киргизская литература в контексте русской культуры»), илимий эмгектеринде орус-кыргыз адабий байланыштары, кыргыз профессионал адтынын ж-а адабий процессинин өсүп-өнүгүшүндө орус адабиятынын таасири, бул байланыштарда көркөм котормонун ролу сыяктуу маселелерди көтөрүп, кеңири талдоого алган. Жолдошева орус адабиятчыларынын, теоретиктеринин эмгектерине таянып, көркөм котормонун сапатын арттыруунун зарылдыгын далилдеген. 100дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 3 монографиянын автору. Данакер ордени (2001) ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Киргизская проза в русских переводах. Ф., 1977; Современная киргизская повесть и проблемы перевода. Ф., 1981.