ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ
ЖОЛДО ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ – шаарларда ж-а калктуу конуштарда жол кыймылынын бардык катышуучуларынын (жөө адам, транспорт каражаттары) коопсуздугун камсыз кылууга ж-а тартибин сактоого багытталган жоболор. СССРде алгачкы Жолдо жүрүү эрежелери Москва шаары ж-а анын айланасы үчүн 1922-жылы бекитилген. 1940-жылы типтүү эрежелер 1-жолу иштелип чыгып, ал 1957-жылы унификацияланган. Мына ушундан кийин союздук республикаларда, анын ичинде Кыргызстанда да жолдо жүрүү эрежелери киргизилген. Кийин эл аралык конвенциялардын жол кыймылы ж-а жол белгилери м-н сигналдары жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттардын талаптарын эске алуу м-н «Жолдо жүрүүнүн жаңы эрежелери» түзүлүп, ал 1973-жылдын 1-январынан СССРдин бардык жеринде колдонула баштаган. Азыр КРдин аймагында жол кыймылын жөнгө салуучу негизги документ – КРдин Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4- августундагы № 421 токтомунда бекитилген «Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелери» 1999-жылдын 1-сентябрынан колдонулат . 2009-жылдын 3-мартында ага өзгөртүүлөр киргизилип, 2009-жылдын 1-апрелинен мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген. Жолдо жүрүү эрежелери төмөнкүлөрдү камтыйт: жалпы жоболор; айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн, жөө адамдардын укуктары ж-а милдеттери; атайын сигналдарды колдонуу; светофордун ж-а жөнгө салуучунун сигналдары; авариялык сигналдарды ж-а авариялык токтоп калуу белгисин колдонуу; кыймылды баштоо, манёвр жасоо; жүрүүчү бөлүктө унаа каражаттарынын жайгашуусу; кыймылдын ылдамдыгы ж-а аралыкты (дистанция) сактоо; озуп өтүү ж-а кайчы өтүү; унаа туруучу ж-а токтооочу кесилиштерден өтүү; жөө адам өткөөлдөрү ж-а маршуттары, транспорт каражаттарынын аялдамалары, темир жолдордон өтүү; автомагистралдар аркылуу кыймыл; турак жай зоналарындагы кыймыл; маршруттагы транспорт каражаттарынын артыкчылыгы; тышкы жарык берүүчү каражаттарды колдонуу; механикалык транспорт каражатын сүйрөтүү; айдаганга үйрөтүү, жүргүнчү ж-а жүк ташуу; велосипеддердин, мопеддердин, арабалардын кыймылына, ошондой эле мал айдоого кошумча талаптар. Жолдо жүрүү эрежелери жол кыймылынын бирдей тартибин, анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жагында, КРдин бүткүл аймагында атайын ички иштер органдарынын контролдоочу, көзөмөлдөөчү ж-а уруксат берүүчү функцияларды аткарган ыйгарым укуктуу кызматкерлери иш алпарышат. Жолдо жүрүү эрежелерин транспорт каражатын айдоочулар ж-а жөө адамдар сактоого милдеттүү.
Ад.: Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелери. Б., 2009.
Т. Абдылдаев, К. Бутешов.