ЖОЛДУБАЕВ Ырысбай

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛДУБАЕВ Ырысбай (1944-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу районну, Ак-Жар айылы) – медицина илимдеринин доктору (1991), профессор (2005). КММИни бүтүргөн (1967). 1967-жылдан райондук оорукана­да башкы врач. Экология ИИИде дирек­тордун орун басары. КРдин саламаттык сактоо министринин орун басары (1996–2000) болуп иштеген. 2000-жылдан ОшМУнун медицина ин­ститунун директору. Пульмонология ж-а иммуно­логия боюнча адис. 60тан ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 3 ойлоп табуусу, 6 окуу-усулдук куралы бар.

Эмг.: Клинико-эпидомиологическая характеристика особенностей течения и исходов хронического брон­хита в условиях высокогорья. СПб., 1991.