ЖОЛИО-КЮРИ Ирен

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЖОЛИО-КЮРИ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛИО́-КЮРИ Ирен (12. 9. 1897, Париж – 17. 3. 1956, ошол жер) – француз физиги, коомдук ишмер, СССР ИАнын корр. мүчөсү (1947). П. Кю­ринин кызы. Париж университетин бүтүргөн (1920),

1934-жылдан Париж университети­нин физика кафедрасын башкарган. Жолио-Кюринин негиз­ги илимий иштери жасалма ра­диоактивдүүлүктү, ошондой эле ан­нигиляция процесстерин изилдеген. Ал серб физиги П. Савич м-н бирге (1939) урандын нейтрон м-н нур­дантканда катар номуру 57 болгон элемент – лантанды алган. Жолио-Кюринин бул илимий табылгалары ядронун бөлүнүү реакциясын изилдөөдө чоң мааниге ээ болгон. Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк кеңешинин мүчөсү. Эл аралык конгресстин (1945), ошондой эле Тынчтыкты жактоо­чулардын бүткүл дүйнөлүк 1- (1949) ж-а 2- (1950) конгресстеринин катышуучусу. Нобель сыйлыгынын лауреаты (1935).


Ад.: Шаскольская М. П. Ирен Жолио-Кюри // «Успехи физических наук». 1956, Т. 59. В. 4.