ЖОЛЧО ТАРМАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖОЛЧО ТАРМАК к о м п ь ю т е р д е – бардык түзүлмөлөр м-н тармак чокулары жалгыз жол аркылуу бириктирилүүчү ж-а берилиштерди бөлүүчү тармак. Анда берилиштер эки багыт б-ча жиберилет. Түзүлмөлөрдү туташтыруу үчүн бир кабель колдонулат. Тармактын борборуна хаб орнотсо да болот, натыйжада бул тармак жылдызча түзүлмөлүү тармакка окшоп калат, бирок жолчо структуралуу тармак деп атала берет. Себеби хабдын ичинде бир гана өзөктүү кабель болот. Ж. т-тын артыкчылыгы – тармактын калган бөлүгүнө жолтоо болбостон, анын каалаган жерине кошумча түзүлмөлөрдү кошууга же алып салууга мүмкүндүк берет, эгер тармактын бир компьютери иштен чыгып калса, анда ал тармактын башка колдонуучуларына таасирин тийгизбейт.