ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ – жолдо жүрүүчүлөргө (унаа айдоочу ж-а жөө жүрүүчүлөр) жолдо жүрүү шарты, жүрүү марш­руту жөнүндө маалымат берүүчү белгилер ж-а жа­зуулар. Алар белгилүү түстө, формада ж-а чоң­дукта жасалып, көчөнүн, жолдун, магистрал­дардын боюна, жүрүү багытынын оң жагына ор­нотулат. Автомобиль кыймылы б-ча Париж конвенциясында (1909) төрт (жолдун кесилиши, темир жол кесилиши, ийри-муйру жол, өңгүл-дөңгүл жол) эскертүүчү белгиси бар алгачкы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө макулдашуу кабыл алынган. Кийинки кон­венцияларда улам толукталып, Венадагы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө конвенциянын (1968), Женевадагы Европалык макулдашуунун (1971) талабына ыла­йык мамлекеттик стандарт иштелип чыккан ж-а ага ылайык 4 топко бириктирилет: эскертүүчү, тыюу салуучу, милдеттендирүүчү, нускоочу белгилер, кээде кошумча кабарлоочу белгилер орнотулу­шу мүмкүн. Эл аралык концепциялардын жол кыймылы, белгилери ж-а көрсөткүчтөрү жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттын та­лаптарын эске алуу м-н КРдин Өкмөтүнүн 2009- жылдын 3-мартындагы токтомунун редакция­сына ылайык КРдин жол белгилери жана көрсөткүчтөрү 7 топко бө­лүнгөн. Э с к е р т к и ч белгилер: кызыл жээк­түү сары үч бурчтук – алдыдагы жолдун опур­талдуулугун ж-а ага карата чара көрүү зарыл­дыгын унаа айдоочуга эскертет. Т ы ю у с а ­л у у ч у белгилер: жердиги ак, кызыл жээктүү сары тегерек – транспорттун айрым түрлөрүнүн жүрүшүнө тыюу салат же белгилүү чектөө м-н жүрүү керектигин эскертет. М и л д е т т е н д и ­р ү ү ч ү белгилер: жалпы белгиси көк тегерек – белгилүү жакты көздөй, белгилүү ылдамдыкта ж-а транспорттун тийиштүү түрүнүн гана жүрүүсүнө уруксат кылынат. М а а л ы м а т к ө р с ө т к ү ч белгилер: көк, сары түстөгү чарчы – жолдун аралыгын, калктуу жерлерди, транспорт токтоочу жайды, кыймылдын урук­сат берилген багытын ж. б. көрсөтөт. С е р в и с б е л г и л е р и – тийиштүү объектилердин жайгашуусу жөнүндө маалымдайт. К о ш у м ч а м а а л ы м а т б е л г и л е р и (табличкалар) – белгилердин колдонулушун тактайт же чектейт. Булардан сырткары транспортту айрып таануу­чу белгилер өзүнчө топко бириктирилген. Бар­дык белгилерге түнкүсүн жарык берилет же жарык чагылтуучу материалдан жасалат ж-а 100 м аралыктан көрүнүшү керек.

Эскертүү белгилери
Сервис белгилери


Т. Абдылдаев, К. Бутешов.