ЖОЛ ТАНДАБАС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛ ТАНДАБАС (вездеход) – татаал өткөөл­дөрдөн (жолу жок саздак, кардуу жерлерден) жүрүүгө ылайыкталган, жер кыртышына басы­мы аз болгон транспорт (унаа) каражаты. 20-кылым­дын башында жарым каз тамандуу ж-а дөң­гөлөк каз тамандуу машиналар жасалган. Жол тандабастын дөңгөлөгү жазы, көлөмү чоң болгондук­тан, сууда сүзүүгө жөндөмдүү. Жол тандабас үчүн неги­зинен каз таман же атайын дөңгөлөктөр м-н жабдылган автомобилдин шассиси пайдаланы­лат, ал эми трансмиссияга тартуу күчүн жого­рулатуу үчүн кошумча кыймыл өткөргүч куту же башка механизм орнотулат. Транспорт ка­ражаттарынын бул түрүнө өзгөчө конструкциядагы, анын ичинде аба жаздыкчалуу машиналар кирет.